Curiosin - Even chronic wound healing can be fast


Kyrgyzstan - Кыргызстан

Гедеон Рихтер – Куриозин фармацевтикалык компаниясы тарабынан иштелип чыккан өзгөчө препараты тууралуу жазылган биздин маалымат берүүчү сайтына киргениңизге кубанычтуубуз.

Куриозин түзүлүшү жана таасири боюнча сейрек кездешерин белгилей кетишибиз керек. Таасир берүүчү Куриозин – гиалуронат цинк микробдорду жок кылып, жараттарды тез айыктырат жана ткандагы микроциркуляцияны жакшыртат. Бул даары теридеги жараны тез айыктыруу максатында хирургия, комбустиология, эндокринология сыяктуу медицинанын тармагында кеңири колдонулууда. Куриозин трофикалык жара, теринин оюлушу жана медициналык жаранын тешиги боюнча комплекстүү терапияларда, ошондой эле кант оорусуна чалдыккан адамдардын «организмде углевод алмашуусунун бузулушунун жогорку кадамында» сырткы жара кемчиликтерин айыктырууда абдан таасирдүү.

Куриозиндин тигилген жерде косметикалык тырыкчаларды жылмалап, калыбына келтирүү таасири менен уникалдуу. Ошондон улам Куриозинди пластикалык хирургдар өз ишинде кеңири колдонушат. Дерматологияда да Куриозинди колдонууда чоң ийгиликтерге жетишкен. Аны сезгенген жердеги микробторду жок кылып, бетке чыккан ысыктарды да айыктырса болот. Куриозинди акне оорусун айыктырууда күн сайын пайдаланганда, ысык оорусу менен ооругандардын терисинде цинктин жетишпегендиги жоюлат. Куриозин акне гана оорусун даарылабастан, ысыктардын чыгышын алдын ала болтурбоого түрткү берет. Өзгөчө териси майлуу, ысыктардын чыгуусуна бат-бат чалдыккан адамдар үчүн абдан актуалдуу. Куриозинде фотосенсибилизациялачу нерсе болбогондуктан, бетке кара тактарды пайда кылуу коркунучу жок, ошондуктан аны жылдын бардык мезгилинде колдоно берсе болот.

Бул сайт Сизге Куриозин препараты тууралуу так маалымат берээрине ишенебиз.